27.02.2019 17:15

Өлкөдө эки ай ичинде 99 бала жоголгон. Алардын «48 саатка жоголуу» оюнуна канчалык тиешеси бар?

Өлкөдө эки ай ичинде 99 бала жоголгон.   Алардын «48 саатка жоголуу» оюнуна канчалык тиешеси бар?

Кыргызстанда «48 саатка жоголуу» аталыштагы өспүрүмдөр үчүн зыяндуу оюн тууралуу бир да факт катталган жок. Бул туурасында бүгүн, 27-февралда ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, жогоруда аталган оюн Россия Федерациясынын аймагында жана башка өлкөлөрдө бир жыл мурда тараган.

«Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында өспүрүмдөр үчүн зыяндуу оюндун жайылышы боюнча бир дагы факты катталган жок. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча фактылар «48 саатка жоголуу» оюну менен эч кандай байланыштуу эмес. Аталган маалыматтын тарашына Бишкек ШИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын,  Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгына мектептердин жетекчилиги менен ата-энелерге алдын алуу жана эскертүүчү мүнөзүндөгү жөнөткөн каты себеп болгон. Бирок, аталган кат өзүнө жогорудагыдай фактылардын болушуна бөгөт коюу максатындагы алдын алуучу мүнөздү гана камтыйт», -деп айтылат маалыматта.

ИИМ билдиргендей, 2019-жылдын 2 ай ичинде ички иштер органдары тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты катталган. Алардын ичинен азыркы учурда 91 табылып, 8 жашы жете элек өспүрүмдү издөө уланууда. 99 жоголгондордун ичинен 53 бала, 43 өспүрүм кыз. 

«Алардын жоголушунун себептерин аныктоодо 91 жоголгондордун ичинен 76сы ата-энелери менен урушуунун кесепетинен үйүнөн чыгып кетишсе, 15 адашып кетишкендиги такталган. Дайынсыз жоголгон жана табылган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн көбү алты жаштан  он төрт жашка чейинкилер - 45, он беш жаштан он сегиз жашка чейинкилер 40, беш жашка чейинкилер болсо - 6 . Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча бир дагы фактынын «48 саатка жоголуу» оюну менен эч кандай байланышы жок. Бирок, ата-энелер жашы жете-элек өспүрүмдөрдүн Интернет-мейкиндиктеги коопсуздугу жөнүндө эстен чыгарбоолору керек», -дешет мекемеден.